ЭЛДИК КАБАР: "Кара-Суу районундагы базардын капталындагы жолдун абалы өтө начар" дейт окурман

Ош облусунун Кара-Суу районундагы "Тураталы" базарынын жанындагы жол кооптуу болуп жатканын окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 26-январда билдирди.

"Базардын капталындагы жолдон унаа менен өтүү оор. Суу каптап, муз тоңуп, унаалар зыянга учурап жатышат. Бул жолго кичине көңүл бурулса жакшы болмок", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Alixan-Nookat.2015
2017-01-26 15:47:29
Эхх ушул жолдорубуз качан оңолот экен? Ушул көчөдөн жогорку бийликке бирөөнү эптеп шайлагыла эми,туну менен оңдоп койот шефке ыңгайсыздык жаралбасын деп.
+2
omurbekFCB
2017-01-26 16:09:15
откондо ушул жолго кирип алып зорго чыктым жол ото жаман Ушул жолду ондоп коюшса жакшы болмок Базардан канчаланган пайда тушот ошонун бир болугуно ондоп койсо болот.
+2
rukopashnik
2017-01-26 16:22:33
акчанын баары ошол базарда, жолду оңдоп койсо болот эле, акчаны эле жакшы көрөт уш базарком,акча акча деп жүрүп туалети эмне болду ошол базардын...
элдин наалатына калды,ал жерден өткөн адам сөзсүз наалат айтып өтөт,же Карасуунун акими көңүл бурбайт...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан