Кечээ, 25-январда Боинг 747 учагынын кулаган жерине төгүлгөн авиакеросинди тазалоо иштери башталган. Алгач жер кыртышынын үстүнкү катмары алынганын бүгүн, 26-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
"Бүгүн аталган аймакка кум менен таарынды себилет. 1-2 сутка өткөн соң түшүмдү мол берүүчү топурак төгүлөт", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.
Мындан сырткары аймактагы 9-тилкеде да жер кыртышы атайын реагенттер менен иштетилип, кум жана таарынды себилди. Иш-чарага 50 куткаруучу, 8 атайын техника тартылганы маалым болду.