Екатеринбургда тоноого шектелген эки Кыргыз жаранынын иши сотко өттү
Екатеринбургда тоноого шектелген эки Кыргыз жаранынын ишин Темир жол райондук соту карайт. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, 2016-жылдын 13-июнь күнү Маневровая көчөсүндөгү №27-үйдүн жанынан белгисиз адамдар эки тургунду сабап, баалуу буюмдарын алып кетишкен. Ушул сыяктуу эле тоноо фактысы 29-июнь күнү Минометчиков көчөсүндө да болгон. Анда Кытай жаранынын сумкасын, уюлдук телефонун тартып алышкан. Ал эми 19-июль күнү дагы Техническая көчөсүндөгү тоноо фактысы катталган.
Жогорудагы фактылар боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 22 жаштагы Розали Зиядин уулу жана Русланбек Азизбек уулу кармалган. Алардын Кыргыз Республикасынын жарандары экени аныкталган.