Орусиялык ырчы, көптөгөн ырлардын автору Елена Ваенга 40 жашка толду. Ал 1977-жылы 27-январда Орусиянын Мурманск облусундагы Североморск шаарында туулган. Елена Ваенга деген лакап ат менен таанылган ырчынын өз аты-жөнү - Елена Хрулёва. Ал эми Ваенга - Елена Хрулёванын кичи мекени, ошондой эле ошол шаардын жанындагы дарыянын аты. Бул лакап атты апасы ойлоп тапкан.
Өзүнүн биринчи "Көгүчкөндөр" ("Голуби") ырын 9 жашында жазып, Бүткүл союздук жаш обончулар сынагынын жеңүүчүсү болгон. Мектепти бүткөн соң Санкт-Петербургдагы Римский-Корсаков атындагы музыкалык окуу жайда фортепиано классында окуган. Елена кичинекей кезинен бери актриса болгусу келген. Ошондуктан ал Театралдык академияга тапшырып, бирок ал жакты 2 айдан кийин таштап кеткен. Себеби аны Москвага өзүнүн биринчи альбомун жаздырууга чакырышкан. Елена Ваенганын хитке айланган ырларынын катарын "Города", "Клавиши", "Желаю", "Девочка", "Мы попали с тобой под дождь", "Скучаю", "Шопен" жана башкалар толуктайт.
Ырчы бир уулдун энеси. 1995-жылы Иван Матвиенкого турмушка чыгып, ал Еленанын чыгармачылыгына чоң колдоо көрсөтүп, продюсери болгон. 2011-жылы түгөйлөр ажырашып кетишкен.
27-январга карата жылнаама.