Жибек-Жолу кең көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде эки унаа сүзүштү

Бүгүн, 27-январда Жибек-Жолу кең көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жол кырсыгы катталды. Кырсыкка кабылган Toyota Avensis унаасында айдоочу менен кошо бир аял жаш баласы менен бараткан. Ал эми Toyota Rav унаасында айдоочудан башка адам болгон эмес.

Кырсык болгон жерге "Тез жардам" унаасы келип, унаадагылардын абалы туруктуу экенин көрдү. Жол кырсыгынан жабыркагандар болгон эмес.

Жибек-Жолу кең көчөсүнөн кесип өтүп бараткан Toyota Avensis унаасынын айдоочусу: "Toyota Rav батыш тараптан катуу ылдамдыкта келди. Унаасын токтотууга аракет кылган жок. Мен кардарларымды дарегине жеткирүү үчүн жолдон өтүп бараткан элем. Эч ким жабыркаган жок. Ошентсе да дарыгерлерге көрсөтүп коюу үчүн, "Тез жардам" келгенче ооруканага жаш баланы апасы такси менен алып кетти", - деп билдирди.

Учурда окуя болгон жерге Патрулдук милициянын кызматкерлери келип, иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
farida.kg.1991
2017-01-27 09:53:51
кудай сактасын азыр жолдор тайгак муз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан