Эркин күрөш боюнча Кыргыз өлкөсүнүн балбандары Орусиянын Красноярск шаарында 27-29-январь аралыгында өтчү “Иван Ярыгин” Эл аралык мелдешине катышат. Күрөш федерациясы билдиргендей, аталган мелдеште 11 кыргыз спортчусу күч сынамакчы. Алардын катарында “Рио-2016” Олимпиадасынан бери мелдештерге катыша элек Айсулуу Тыныбекова да бар.
48 килограммга чейинки салмакта: Саяна Баизова, Мадина Надирова, Айбийке Кожомкул кызы
53 килограммга чейинки салмакта: Назира Марсбек кызы
55 килограммга чейинки салмакта: Бермет Нурланбек кызы, Даяна Жакып кызы
58 килограммга чейинки салмакта: Айсулуу Тыныбекова, Айбийке Артыкалы кызы
69 килограммга чейинки салмакта: Мээрим Жуманазарова
75 килогаммга чейинки салмакта: Айпери Медет кызы
61 килограммга чейинки салмакта: Нургазы Абдуразаков
Эскерте кетсек, аталган мелдешке дүйнөнүн 17 өлкөсүнөн спортчулар катышмакчы.