ЖЫЛНААМА, 27-ЯНВАРЬ: 34 жыл мурун 20-кылымдын атактуу комиктеринин бири, франциялык актёр Луи Де Фюнес көз жумган

Мындан 34 жыл мурун, 1983-жылы 27-январда 20-кылымдын атактуу комиктеринин бири, франциялык актёр, режиссёр, продюсер Луи Де Фюнес (толук аты-жөнү - Луи Жермен Давид де Фюнс де Галарса) жүрөк оорусунан улам көз жумган.

Ал 1914-жылы 31-июлда Франциянын Курбевуа шаарында төрөлгөн. Луи Де Фюнестин атагы жалгыз гана Франция же Европага эмес, бүт дүйнөгө Фантомас, жандармдар тууралуу комедиялары аркылуу тараган. II Дүйнөлүк согуш аяктаган соң кино чөйрөсүнө аралаша баштап, 1945-жылы "Барбизон азгырыгы" тасмасына тартылган. 1958-жылы "Колго түшкөн жок, ууру эмес" тасмасында башкы ролду аткарып, эл арасында таанылган. Бир жылда 3-4 фильмге тартылып, 1960-жылдары актёр атактуулуктун туу чокусуна жеткен. Л.Фюнес катышкан мыкты комедиялардын катарына "Фантомас" (1964), "Сен-Тропелик жандарм" (1964), "Разиня" (1965), "Септим мырзанын рестораны" (1966), "Оскар" (1967), "Сараң" (1979) жана башкалар кирет.

27-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан