Кыргыз-Казак чек арасында эч кандай документи жок өлкө аймагына кирүүгө аракет кылган жаран кармалды

Кыргыз-Казак чек арасында эч кандай документи жок өлкө аймагына кирүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-январь күнү "Ак-Тилек унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү жайында белгисиз адам Казакстандын аймагынан өлкө аймагына кирүүгө аракет кылган. Анын жанында өздүгүн тактаган эч кандай документтери болгон эмес. Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган адам УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан