Гандбол оюну боюнча Дүйнө биринчилигинде Франция курама командасы финалга чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Дүйнө биринчилиги үчүн атаандашууга чыккан Франция өз өлкөсүндө Словениянын гандболчуларын 31:25 эсебинде артта калтырган. Ал эми кийинки тайпада ойноп жаткан өлкөлөр ортосунда мелдеш бүгүн, 27-январда орун алат. Мында Хорватия менен Норвегиянын командалары Парижде оюн талаасына чыгып күч сынашат. Жеңишке жетишкен команда Дүйнө биринчилиги үчүн Франция өлкөсү менен 29-январда беттешет.
Эске салсак, 11-январда эркектер арасында башталган гандбол оюну боюнча Дүйнө биринчилигине Бразилия, Польша, Словения, Норвегия, Орусия, Франция жана Япония сыяктуу ондон ашуун өлкөлөр катышууга мүмкүнчүлүк алышкан.