Бишкекте "ок атуучу курал менен тургунду бетке аткан" деген шек менен эки адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 1-январь күнү саат 05:00 чамасында Лев Толстой жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда 20-25 жаштагы белгисиз адамдар Бишкек шаарынын С.Т. аттуу тургунун тапанча менен бетке атып, анын телефонун, унаасынын ачкычын жана айдоочулук күбөлүгүн алып кетишкен.
"Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектелип Чүй облусунун 23 жаштагы тургундары А.З. жана Ж.Б. кармалды. Эки жаран тең мурда “каракчылык” беренеси менен соттолгон. Кармалгандар Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилишти. Азыркы тапта башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги иликтенүүдө", - деп айтылат маалыматта.