"Тумар" бийчилер тобу Нью-Йорк шаарында эл аралык сынакка катышуу үчүн даярданууда

"Тумар" бийчилер тобу Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарына эл аралык сынактын тандоо туруна катышуу үчүн даярданууда. Бул тууралуу SUPER.KG`ге бүгүн, 27-январда аталган топтун жетекчиси Эрмек Кадыров билдирди.

Анын айтымында, учурда команданын бош убактысы жок, сынакка кызуу даярданып жаткан учуру. Команда качан оюн көрсөтөрү азырынча белгисиз экенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, маалымат жыйынында Эрмек Кадыров: "Буга чейин да "Америка таланттарды издейт" сынагына чакыруу алганбыз, бирок каражаттын жоктугунан катыша алган эмеспиз. Айрым мекендештерибиздин колдоосу менен каражат табылды. 24-январь күнү эртең таңга маал Американын Нью-Йорк шаарына учабыз. Ал жакта 5 күн болобуз", - деп билдирген.

"Тумар" бийчилер тобу 2016-жылы Словакиянын борбор калаасы Братиславада 27-28-ноябрь күндөрү өткөн "Чехия жана Словакия таланттарды издейт" Эл аралык сынагынын финалында 3-орунга ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
asil-08
2017-01-27 21:45:42
Ийгилик жана ийгилик биринчи орунду алып келсенер экен кудай буйруп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан