Бишкек шаарынын тургуну таап алган ок-дарыларды өз эрки менен өткөрүп берди

Бишкек шаарынын тургуну таап алган ок-дарыларды өз эрки менен өткөрүп берди. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-январь күнү Бишкек ШИИББинин 10-Башкармалыгынын кызматкерлерине Бишкек шаарынын Бакай-Ата жаңы конушунун тургуну, 23 жаштагы Э.Б. 7,62 калибрдүү 60 даана окту өз ыктыяры менен өткөрүп берген. Анын айтымы боюнча, 26-январда саат 10:00 чамасында окторду М.Ганди көчөсүндөгү сейил бактын айланасынан таап алган. Азыркы тапта иликтөө иш-чаралары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kaken08
2017-01-27 15:44:36
Ал октор озунуку эле болсо керек.. артын ойлоду да
-2
almazbei
2017-01-27 16:33:36
Kaken08,озунуку болсо милицияга алып барып берип эмне жинди дейсинби ,кызыксынго ?!
+1
Rifle_I
2017-01-27 15:49:11
7.62 СВДга тиешелүү болсо керек ? Же СКС.
0
Bubu88
2017-01-27 15:49:30
Ой тооба кылдым бир оң ойлогон адам жок
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан