Ак-Суу районунда 62 жаштагы жаран ок атуучу курал менен кармалды

Ак-Суу районунда 62 жаштагы жаран ок атуучу курал менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-январь күнү Ак-Суу районунун Эңилчек тилкесинде 62 жаштагы тургун милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Анын жанынан эч кандай документи жок ИЖ-12 ок атуучу куралы табылган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 242-беренеси (мыйзамсыз сатуу, өткөрүү, сактоо, ок-дарыларды, курал-жарактардын негизги бөлүгүн ташуу же алып жүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан