Жабырлануучу: "Кызыңды зордуктайбыз" деп коркутуп, мени ур-токмокко алган балдар жазасын албай жүрүшөт"

Бүгүн, 31-январда SUPER.KG порталына Ала-Бука районунун тургуну Ысмайыл Тойчубеков кайрылды. Анда ал "кызыңды зордуктайбыз" деп коркутуп, ур-токмокко алган балдар дале жазасын албай жүрүшкөнүн айтты.

Тойчубековдун айтымында, окуя 2016-жылдын 11-ноябрь күнү саат 18:00 чамасында Ызар айылына бара жаткан жолдо катталган. Ошол учурда жанында 3-класста окуган кызы да болгон. Анын унаасын белгисиз адамдар кысып токтотушуп, кийин эч себепсиз ур-токмокко алышкан.

"10го жакын бала "бул адамды өлтүрүп, кызын зордуктап, унаасын өрттөп салыш керек" деп мени сабап жатышты. Бир канча жолу эс-учумду жоготуп, кайра өзүмө келдим. Унаамды да таш менен ургулашып, зыян келтиришти. Ошондой эле чөнтөгүмдөн 860 сом акчамды, паспортумду, айдоочулук күбөлүгүмдү, унаанын ачкычын алып коюшту. Окуядан кийин ооруканада 10 күн дарыланып чыктым", - дейт жабырлануучу.

Ошондой эле Ысмайыл Тойчубеков тергөөдөн эч жыйынтык жок экенин айтып, төмөндөгүлөргө токтолду: "Окуядан бери 2,5 ай убакыт өттү, бирок тергөөдөн эч кандай жыйынтык жок. Прокуратурага арыз жазып, тергөөчүнү алмаштырдык. Прокуратура "алар менен жарашып ал" деп кайра-кайра сунуштап жатат. Мындан улам жергиликтүү күч органдарына ишенбөөчүлүк пайда болууда. Балким, кылмышка шектүүлөр алар менен сүйлөшүп алышкандыр. Мени сабагандардын мыйзам негизинде жазага тартылышын талап кылам".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Tansuluu09
2017-01-31 12:51:12
Чонток сот
+11
abusait
2017-01-31 12:52:42
Милициянын кучу селсаяктарга эле жетеби? Кармабайбы ушуга окшогон зоокурлорду?
+13
abusait
2017-01-31 17:26:21
abusait, кичинекей кызда эмне куноо?Эгер ошол айткандары далилденсе айткан адамды катуууу жазалаш керек мыйзам боюча.!!
+1
Altyn198
2017-01-31 15:25:05
Жанагы эле ХХХ куч органдары
0
admin_portal
2017-01-31 15:28:03
Altyn198,
1. Этика нормаларын сактаңыз!
2. Эскертүү сызыгыңыз толгонуна байланыштуу түбөлүк БАН!
-1
Nurtilek001
2017-01-31 15:57:14
ХХХ групповой сабаган деп кармап туруп оор жазага тартыш керек,кичинекей кызынын козунчо сабап психикасына терс таасир берип журогунун ушун алган ХХХ аларга окшогондорго ото оор жаза беруу керек,тартип деген болуш керек да,жоопту кызматта отургандар качан адилеттуу иштейсинер деги.
+5
admin_portal
2017-01-31 16:11:18
Nurtilek001, этика нормаларын сактаңыз!
-1
bond02
2017-01-31 16:10:01
Куч органдары колдорунан келбесе элге бербейби элдик жазалоо деп.
+5
Asan123
2017-01-31 16:14:49
Сен олсон мага баары бир деген жашоодо журобуз
Биримдик жок Биримдик болсо эл ушундай нерселерди коруп коз жумуп отбош керек
Элибиз барган сайын начарлап кана кетип жатат
Ток эле болуп калышты жеемди ким коп чачса ошол жерде болушат
+4
Bubu88
2017-01-31 16:17:48
Күнөөлүү кишини аныктап жазасын берсин баарынан да кичине кызга жаман болуптур
+5
aminkaerke
2017-01-31 16:48:09
ХХХ булар адам эмес эки бутту айбандарго аны коркутуп кичинекей кызын зоордуктайбыз дегени кантет аларда да апа эже карындаш барго Адамдар кайда баратабыз ыйман кеттиго журоктон жазаларын алыш керек ХХХ
+3
semo
2017-02-01 06:14:24
Ушинтип отуруп жок болобуз го бир күн милицянын не кереги бар елди коргобогондон кийин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан