Улуу манасчы Жусуп Мамайдын өмүр баяны тууралуу анын небереси китеп чыгарат

Улуу манасчы Жусуп Мамайдын өмүр баяны тууралуу китеп чыгарылат. Бул тууралуу SUPER.KG`ге манасчынын небереси Тургунаалы Жусуп Мамай билдирди.

"Атамдын 100 жылдыгына жана быйылкы Ыйман, адеп жылына карата ата-бабабыздын рухун эскерип, аларга таазим кылуу менен китеп чыгарууну чечтим. Анда кыргыз элинин 1505-жылдан берки тарыхый окуялары, атам айтып берген уламыштар, баяндар, ал киши жөнүндө айтылган залкар инсандардын сөздөрү элге кыскартылып берилет. Ошондой эле 13 жашымдан тарта атамдан уккан окуялар баяндалат", - дейт.

Тургунаалы Жусуп Мамай чоң атасы жөнүндө китеп жазууну көптөн бери ойлонуп жүргөнүн кошумчалады.

"Бул нерсени көптөн бери ойлонуп жүргөн элем. Мен окуган окуу жайдын мугалимдери дем берип, алардын колдоосу менен китепти чыгарууга кириштим. Анда тарыхый сүрөт баян болот. Ошондой эле видео да чыгарууну пландап жатам. Китеп негизинен жазылып бүтүп калды. Дагы бир аз өзгөртүп, толуктоолор киргизилүүсү шарт".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан