МЕДИА-ПОРТАЛ: "Шириним" аттуу ырымдын клиби тартылып жатканда баарын өзүм көзөмөлдөп жүргөм" дейт Аскат Мусабеков

"Медиа-портал" бөлүмүндө көпчүлүктүн купулуна толуп, жакшы пикирлер айтылган чыгармалардын бири - ырчы Аскат Мусабековдун "Шириним" ырынын клиби. Ырчы аталган клипти тартуу учуру жөнүндө мындай дейт:

"Клип 2013-жылы жай мезгилинде Бишкектеги соода борборлорунун биринде тартылган. Ал жерди жарнамалоо эмес, сценарий ал жерге ылайык келгендиктен жана жаңы ачылган деп тандап алган элек. Каармандар кастинг аркылуу тандалган.
Клиптин соңунда башкы каарман баланын дубалда илинип турган менин сүрөтүмө келип, күлүп чыгып кеткен жери бар эмеспи. Андай жери сценарийде жок болчу. Ошол жерден эле тартуу учурунда идея жаралып, кошулуп кеткен".

Көпчүлүк ырчылар ырынын клибин тартууну режиссёрго тапшырса, Аскат Мусабеков съёмка учурунда баштан-аяк тартуучу топ менен өзү жүрөрүн айтат.

"Менин ырыма клип тартылып жаткандыктан, тартуу учурунда өзүм болуп, жардам берип, көзөмөлдөп турам. Кээ бир жерине өзгөртүү же кошумчалоо керек болсо айтып дегендей. Ар кандай учурлар болуп кетиши мүмкүн, андыктан катышуучулардын, режиссёрдун пикирин угуп, "кеңешип кескен бармак оорубайт" дегендей, тартуу аянтчасында кеңешип иштешебиз".

Аскат Мусабековдун "Шириним" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан