"UFC on FOX 23" мелдешинде Кыргыз өлкөсүнөн чыккан спортчу Валентина Шевченко америкалык Жулианна Пеньяны жеңиштүү ыкманы жасап утуп алды. Беттештин жүрүшүндө Шевченко алгачкы раунддун башында эле активдүүлүгүн көрсөтүп жаткан. Бирок раунд соңунда кооптуу абалга туш болуп, Пенья анын колун ооруксунтуп койду. Кийинки раундда деле Пенья ушундай ыкманы улантып, Шевченкону жыгып алган. Ушул абалда Валентина Жулианнанын колун ооруксунтуучу жеңиштүү ыкманы колдонуу мүмкүнчүлүгүн түзүп алды. Экинчи раунддун 4:29 секундасында Пенья жер чапкылап Шевченкого жеңилип берген түр көрсөттү. "Көпчүлүк менден бүгүнкү беттеш тууралуу сурап, соңунда Пенья грепплер, а сен сокку уруучусуң. Экөөңөрдүн мушташ ыкмаңар эки башка дей беришчү. Алардын баарына мен ыкманын баарын колдонгон ар тараптуу мушкер экенимди айтчумун", - деди Шевченко беттеш соңунда.
Пеньяны жеңип Шевченко эми жеңил салмак ченинде UFC чемпиону Аманда Нуньес менен беттешүү баскычына жетти. Ал эми чемпиондукка талапкер.
UFC президенти Дана Уайт Шевченко-Нуньес беттеши качан болорун азырынча айта элек.