Орусиялык ырчы, актёр, композитор, пианист, продюсер жана телеалпаруучу Дмитрий Маликов 47 жашка толду. Ал 1970-жылы 29-январда Москвада чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Юрий Маликов музыкант, композитор, "Самоцветы" тобунун негиздөөчүсү жана жетекчиси болгон. Ал эми апасы Людмила Вьюнкова мурун бийчи болсо, 1984-жылдан баштап "Самоцветы" тобунун солисти, кийин уулу Дмитрий Маликовдун концерттик жамаатынын директору болгон. Дмитрий Маликов жалпысынан 100дөн ашык ырларды жаратып, алардын басымдуу бөлүгү хитке айланган. Ырчы 2010-жылы 40 жашында "Орусиянын Эл артисти" наамына арзыган.
Д.Маликов ырчы Наталья Ветлицкая менен жарандык никеде жашаган. 1992-жылдан тарта дизайнер Елена Маликова менен сүйүү мамилесин куруп, 2000-жылы баш кошкон. Экөөнүн ортосунда Стефания аттуу кызы бар.
29-январга карата жылнаама.