Казакстандын Алматы шаарында "Универсиада-2017нин" ачылышы өттү

Бүгүн, 29-январда Казакстандын Алматы шаарындагы "Алматы Арена" муз ордосунда XXVIII Бүткүл дүйнөлүк Кышкы Универсиаданын ачылышы болду. Ага Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев да катышты.

Аталган муз ордого 12 миңдей көрүүчү батат. Аземде 57 өлкөнүн курама командалары параддан өтүштү. Кыргыз командасын Тариэл Жаркымбаев жетектейт. Универсиада 8-февралга чейин уланмакчы. Өлкөбүздөн барган спортчулардын көбү Япониядагы Саппоро шаарында өтүүчү Азия оюндарына катышышат. Белгилей кетсек, кыргыз муз бийчилери мындай деңгээлдеги оюндарга алгачкы жолу чыгып жатышат.

Бүгүн алгачкы оюн орусиялык хоккейчилер менен АКШнын хоккейчилеринин ортосунда болуп, орусиялыктар жеңишке жетишкени маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Erlan_95
2017-01-29 22:22:24
Казактар 25жылда ар кандай арена залдарды салды бизде бирин бири чукумай бир нормалный стадион залыбыз жок ?
+24
baha123123
2017-01-29 22:22:57
Ушул универсиада бизде болгондо кана
0
Sajakat14
2017-01-29 22:44:29
Азамат казак туугандар!
+5
Uson13
2017-01-29 23:13:47
Бизде болсода акчасын бок курсактар жеп коёт
+11
Samina007
2017-01-29 23:47:56
Өзү биринчи айтылганда Казакстан-Кыргызстанда болчу кышкы олимпиада.
0
zaman2
2017-01-30 00:12:45
kyrgyzstanda stadiondor muz ayantchalary jok bolso kaydagy universiyada
+6
Seiil.94
2017-01-30 01:50:23
жакшы болуш аста аста
0
nemo2016
2017-01-30 02:20:11
Seiil.94,25жылдан бери озубузду алдап сооротуп келип жатабыз сен ойлогон макал мн
+6
Leilektik
2017-01-30 02:03:44
Кочмон оюндарын откордукко 40тан ашуун олко катышышты аныда коралбадык ошол бизге керек беле деп ,силерге кайра кайра той шаан шокот болоберсе,откоро берсин казак туугандар! Коралбастыктан арылгыла биринчи
-8
Targarien
2017-01-30 05:01:32
Кочмондор оюну керексиз чыгым болду бир жолу откозгон жетмек Бизде кээ бир айылдарда окуучулар кочоюн деген мектептерде шарты жок ушуп окуп жатса чон стадион салганга балээ бар беле? Жолдорубуз начар, ГЭСтер бутподу. Жем курсактар комочуно кул тарткандан башканы билбейт
+4
baltabai
2017-01-30 09:31:23
Zynkgo
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан