ЖЫЛНААМА, 30-ЯНВАРЬ: 94 жыл мурун "Кавказ туткуну", "Бриллиант кол" тасмаларынын режиссёру Леонид Гайдай төрөлгөн

Мындан 94 жыл мурун, 1923-жылы 30-январда популярдуу кинокомедиялардын жаратуучусу, советтик режиссёр, СССРдин Эл артисти Леонид Гайдай Амур облусунун Свободный шаарында төрөлгөн. Бала кезинен киного жакын болуп чоңоюп, Иркутск шаарындагы облустук театрда иштеп, Хенкин, Поль, Лепко, Доронин, Тусузов, Слонова сыяктуу сахна чеберлеринин оюндарынан чоң таасир алган. 1949-жылы Москвага келип, режиссёрдук факультетке тапшырган. Ал жерден көпчүлүктө боло бербеген ой жүгүртүүсү, ойлоп табуусу, актёрдук чеберчилиги Пырьев, Барнет сыяктуу мэтрлерди таң калтырган. Бул окуу жайдан өз бактысын да тапкан. Бир курста окуган, болочоктогу актриса Нина Гребешковага үйлөнүп, Оксана аттуу кыздуу болгон.

Барнеттин "Ляна" комедиясына, 1958-жылы Александар Наумовдун "Шамал" фильмине тартылгандан кийин актёрлук ишти таштап, калган өмүрүн режиссурага арнаган. 1955-жылдан тартып "Мосфильм" киностудиясынын режиссёру болгон. 1956-жылы "Узак жол" деген биринчи фильмин жараткан. Андан соң "Тиги дүйнөдөн келген күйөө бала" деген комедияны тартып, бюрократтарды мыскылдаган бул комедиясы Маданият министрлиги тарабынан сынга алынып, өзгөртүү, кыскартуу менен экранга чыккан. Ал эми 1961-жылы Барбос ити менен байланышкан "Таптакыр тамашасы жок" кыска метраждуу фильмин тарткан. Алгачкы каармандары Балбес-Трус-Бывалый (Никулин-Вицин-Моргунов) менен иштөөнү улантып, "булар баарына белгилүү, эми башка жаңы каарман түзүш керек" деп Шурик - Александр Демьяненко кошулган квартеттин катышуусунда "Ы" операциясы жана Шуриктин башка окуялары", "Кавказ туткуну" фильмдерин жараткан. Ушул эки фильм жана "Бриллиант кол" тасмасы үчүн 1970-жылы Мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон. 1971-жылы "12 отургуч" кинотасмасын, 1973-жылы "Иван Васильевич кесибин өзгөртөт", 1975-жылы "Болушу мүмкүн эмес", 1980-жылдары "Спортлото-82" сыяктуу өлбөс кинотасмаларын жараткан.

Атактуу режиссёр 1993-жылы 19-ноябрда көз жумган.

30-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан