Ысык-Көл облусунда унаа уурдап качууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 27-январь күнү түнкү саат 01:00 чамасында Каракол шаарында белгисиз айдоочу башкарып бара жаткан Мазда 626 унаасы Патрулдук милиция тарабынан токтотулган. Бирок айдоочу ага баш ийбей, качып жөнөгөн. Артынан түшкөн кызматкерлер акыры 1986-жылы туулган Т.Эрмекти кармашкан.
"Ошол эле күнү саат 09:00 чамасында Каракол шаарынын тургуну кайрылып, унаасын белгисиз адам уурдап кеткенин айткан. Түнү айып жайга токтотулган унааны көргөзгөндө өзүнүкү экенин таанып, унаага тиешелүү документтерди алып келген. Учурда кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат Ысык-Көл ОИИБинин маалыматында.