"Аалам сулуусу" сынагында француз кызы Ирис Миттенар жеңүүчү аталды

Жыл сайын өтчү "Аалам сулуусу" сулуулук сынагынын бул жылдагы жеңүүчүсү болуп франциялык 23 жаштагы Ирис Миттенар (Iris Mittenaere) табылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, Ирис Миттенардын кесиби хирург-стоматолог. Учурда 5-курста окуйт. Ал спорттун экстремалдык түрлөрүн жакшы көрөт.

65-сулуулук сынагы бул жолу Филиппин өлкөсүнүн борбор шаары Манилада болуп өткөн. Анда "Аалам сулуусу" наамы үчүн ар өлкөдөн келген 86 кыз ат салышкан. Алдынкы үчтүккө Миттенардан сырткары Гаити өлкөсүнүн атынан катышкан Ракель Пелисье (Raquel Pelissier) жана колумбиялык Андреа Товар (Andrea Tovar) кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
abdykadyrova
2017-01-30 11:36:11
Сулуу экен.
0
sirgak_92
2017-01-30 12:20:45
Менин девушкама жетпейт экен да
+7
altynbek1983
2017-01-30 12:40:40
Койчу ушуларды кыргызымдын сулууларына тенебеймго
+12
Kuba16
2017-01-30 13:14:53
Кыргыздын кыздары неге катышпайт
+5
Zinazima
2017-01-30 14:40:15
Акш сулуусу кантет
+1
mandalak
2017-01-30 14:54:28
Менин көңүлдөшүмө эч карандабайт экенго, а аялыма салыштырып болбойт буларды ))))
-7
Gulim_zamujem
2017-01-30 15:28:38
ХХХ 23 жаш тооба
0
admin_portal
2017-01-30 15:32:24
Gulim_zamujem, кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт.
0
almazbei
2017-01-30 23:22:52
Мянманын сулуусунун ысымы кызыктай экен((((
0
nur_zhoni
2017-01-31 01:07:01
Эквадордун сулуусу жакты мага
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан