"Элдик видео" бөлүмүнө "Димаш Кудайбергенов Витастын ырын өзгөчө созду" деген аталышта видео жүктөлдү (ник: Arifa).
Казакстандык жаш аткаруучу Димаш Кудайбергенов Кытайда өтүп жаткан "Singer-2017" сынагынын экинчи этабында "Опера №2" чыгарманы аткарган. Залда отургандар казак ырчысынын талантын суктануу менен күзөтүп, кол чабуулар менен коштоп турушкан. Ошентип, бул этапта да ал жеңүүчү болуп табылган.
Белгилей кетсек, бул ыр бир кезде орусиялык ырчы Витаска атактуулук алып келген.
Эскерте кетсек, жогоруда аталган сынактын алгачкы турунда ал "SOS d'un terrien en détresse" аттуу чыгарманы аткарып, кытайлык ыр сүйүүчүлөрүн таң калтырган эле.