Оор салмактагы бокс чебери Владимир Кличко менен Энтони Жошуанын беттешине 80 миң билет сатылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мушкерлердин рингдеги мушташын көрүүгө декабрь айында 1 суткада 50 миң билет сатылган. Январь айларынын ортосунда - экинчи этапта сатыкка чыкканда, жалпысынан 80 миң билет сатылганы белгилүү болду. 1-февралдан тартып билеттерди сатуунун кийинки этабы жүргүзүлмөкчү. Учурда Англиянын "Уэмбли" спорт аянтында отуруп көрүүчү 10 миң кошумча орундук даярдалууда.
Эске салсак, Энтони Жошуа 27 жашта. Ал профессионалдык рингде 18 беттеш өткөргөн. Ал беттештеринин баарында атаандаштарын мөөнөтүнөн мурда нокаутка учураткан.
Ал эми 40 жаштагы Владимир Кличко профессионалдык рингде 64 ирет жеңишке жетишип, 4 жолу жеңилген. Ал WBO, IBF, IBO жана WBA версиялары боюнча Дүйнө чемпиону аталган.
Маалыматка ылайык, мушкерлер рингге 2017-жылдын 29-апрелинде чыгышат.