Мадагаскар өлкөсүндө үйлөнүү той учурунда 45 адам каза болду

Мадагаскар өлкөсүндөгү үйлөнүү той учурунда 45 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, үлпөт той учурунда тойдун катышуучулары автобус менен баратып кырсыкка учурашкан. Көпүрөдөн кулап, дарыяга түшүп кеткен автобуста 70тей адам отурган. Арасында үйлөнүп жаткан жаштар да болушкан. Каза тапкандардын катарында 9 бала, 27 аял, калгандары чоң кишилер болгон. Кырсык учурунда көпчүлүк тургундар сууга чөгүп кетишкен.

Учурда жергиликтүү бийлик кырсыктын себептерин тактоо аракетин көрүп жатат. Жол кырсыгында айдоочунун да каза болгону айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
baltabai
2017-01-30 15:05:55
Kudaiym ozu saktasyn kyrsyktan
+6
mentol
2017-01-30 15:35:19
Бара-бара адамдар оз ажалы менен олбойт дегени чын окшойт
-5
kamchatka
2017-01-30 16:31:07
mentol,Ажалы жеткен учун олуп жатат ажалы жетпесе олмок эмес.Дегеле сенин ойунда оз ажалы менен олгондо кантип олот?!
+8
DNurgiza
2017-01-30 15:55:33
ажалы жеткендерди чогуу кошуп койгон да.... аяббай жаман болуптур.
-4
arzygulR
2017-01-30 17:38:33
Жаман болуптур
Фотону коруп биздин тойлорго соз жок экенда
0
Prokuror
2017-01-30 20:58:19
Ажал качан келет эч ким билбейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан