Кыргызстандык Нурбек Исмаилов АКШдагы грэпплинг мелдешинин чемпиону болду

“Кличко” каймана аты менен таанымал кыргызстандык Нурбек Исмаилов АКШдагы грэпплинг мелдешинен 90-105 килограмм салмактагылар арасында чемпион аталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет. Айтылгандай, мелдешке 50 өлкөдөн 500гө жакын балбан катышкан. Анда мекендешибиз Бразилия, Мексика, Азербайжан, Монголия, АКШ, Англия, Түштүк Африка өлкөсүнүн күрөшчүлөрү менен таймашкан. Мелдештин соңунда Исмаилов грэпллингдин NO-GL (кимоносуз) түрү боюнча алтын медаль, GL (кимоно менен) түрү боюнча коло медаль ээледи. Бул жеңиши үчүн Ош шаардык мэриясы аны 100 миң сом менен сыйлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nazira1989
2013-04-29 18:04:39
Азаматсыз.....
0
beka88
2013-04-30 09:49:00
биздин спортчуларга жакшы колдоо болсо эле мындай жеништерге коп жетишет, Нурбек азаматсын,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан