"Медиа-портал" бөлүмү бүгүн, 30-январда Гүлжигит Сатыбековдун "А балким..." ырынын клиби менен толукталды. Ырчы жаңы клип тууралуу буларды билдирди:
"Алгач балет бийчилерин бийлетип, мен ырдап жатканымды кошуп тартып коёлу дегенбиз. Бирок аны өзгөртүп, башкачараак кылып тарттык. Клипте бир үй-бүлөнүн же сүйүшкөн эки жаштын күнүмдүк жашоосу, бири-бирине болгон сүйүү мамилелери, таарынычтары көрсөтүлөт. Тагыраагы, экөөнүн жашоосу камтылган деп айтууга болот.
Кастинг аркылуу балет бийчилерин тандап алдык. Студияны даярдап, өзүбүз да даярданып отуруп клипти бир күндө тартып бүттүк. Башка да көптөгөн кадрлар бар болчу, бирок аларды кошкубуз келген жок. Жөнөкөй клип катары калтырууну чечтик. Жыйынтыгы жакшы болду деп ойлойм, клип өзүмө да жакты".
Ырчы клипти режиссёр Нурсултан Кубатов тартканын, идеясы да ага таандык экенин кошумчалады.
Гүлжигит Сатыбековдун "А балким..." ырынын клибин бул жерден көрүңүз.