Кышкы Универсиада: Тоо лыжа спортунда Евгений Тимофеев 41-орунду ээледи

Алматы шаарында өтүп жаткан Кышкы Универсиадада тоо лыжа спорту боюнча катышкан Кыргыз өлкөсүнүн спортчусу Евгений Тимофеев 73 спортчудан 41-орунда келди. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

“Супергигант” бөлүгүндө күч сынаган спортчубуздун көрсөткүчү 1 мүнөт 8,64 секунданы түздү. Ал эми бул мелдештин жеңүүчүсү болуп италиялык спортчу Микеланжело Тентори табылса, 2-орунду Евгений Пясик (Орусия) жана 3-орунду Семён Ефимов (Орусия) ээледи.

Белгилей кетсек, Евгений Тимофеев тоо лыжа спортунда дагы "слалом" жана "комбинация" дисциплиналарында өзүн сынайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ali-han
2017-01-30 19:08:46
Уят
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан