Бишкекте Пакистандын жараны алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 27-январь күнү милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын Н.З. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал 10-январь күнү Пакистандын жараны "унаа сатып берем" деп 4 миң доллар алып, ошол бойдон дайынсыз экенин айткан.
Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү катары 62 жаштагы Пакистандын жараны Д.А. кармалган. Учурда ал тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.