Чүй облусунда мурда бир канча жолу соттолгон жаран 37 килограммдан ашык маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 27-январь күнү Аламүдүн районунун Маевка айылында 1978-жылы туулган С.Анын жашаган жери текшерүүгө алынган. Анын жыйынтыгында 37 килограмм 300 грамм марихуана табылган. Учурда аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, С.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.