Англиялык футболчу, “Ливерпуль” клубунун жарым коргоочусу Адам Лаллана Англиянын 2016-жылдагы мыкты футболчусу болуп табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, англиялык күйөрмандардын 39 пайызы 28 жаштагы Лалланага добуш берген, экинчи орунда “Лестердин” чабуулчусу Жейми Варди (12 пайыз) турса, “Манчестер Юнайтед” клубунун чабуулчусу Уэйн Руни 8 пайыз добуш менен үчүнчү болгон.
Белгилей кетсек, Адам Лаллана Англия курама командасы менен "Евро-2016" мелдешинде жарым чейрек финалда Исландияга утулуп калган.