Сокулук районунда унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
2017-жылдын 28-январында милиция кызматкерлерине Военно-Антоновка айылынын С.Э. аттуу тургуну кайрылып, белгисиз адам Дэу Ленос унаасын уурдап кеткенин айткан. Унаанын ичинде 1000 сом жана Самсунг үлгүсүндөгү уюлдук телефон болгон. Аталган факт боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 27 жаштагы А.А. кармалган. Учурда анын үстүнөн кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.