Америкалык ырчы, актёр Жастин Тимберлейк 36 жашка толду. Ал 1981-жылы 31-январда АКШнын Теннесси штатындагы Мемфис шаарында туулган. Эс тартып калган кезинен эле Майкл Жексонду кумир тутуп, анын ырларына кызыккан. Ал эми 11 жаш курагында "Жылдыздарды издейбиз" жаш таланттар сынагына катышып, эл алдына чыгуу сапарынын алгачкы кадамын таштаган. Андан көп узабай эле ар кандай телешоу программаларына чакыруулар келип, жаш экенине карабай Уолт Диснейдин "Микки Маус" балдар клубунда иштеген. Бритни Спирс, Кристина Агилера, Жошуа Скотт Чавестер сыяктуу келечектеги кесиптештери жана атактуу ырчылар менен дал ушул жерден таанышкан.
Ал эми актёрдук карьерасына кайрылсак, кичине кезинен эле майда эпизоддордо ойной баштаган. Көзгө көрүнүктүү ролдорун "Эдисон" триллеринде, 2006-жылы чыккан "Альфа ити" драмасында, "Түштүктөгү өрөөн" мюзиклинде жараткан.
Жеке жашоосу
1997-жылдан 2002-жылга чейин ырчы Бритни Спирс менен сүйүү мамилесинде болгон. 2003-жылы актриса Камерон Диас менен мамиле куруп, 2007-жылдын башында түгөйлөр ортосундагы байланыштын үзүлгөнүн айтышкан. Ошол эле жылы актриса Жессика Бил менен таанышып, 2012-жылы күзүндө ага баш кошкон. 2015-жылы жазында жылдыздуу түгөйлөр Сайлас Рэндалл Тимберлейк аттуу уулдуу болушкан.
31-январга карата жылнаама.