Өткөн суткада өлкөдө 3 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 1 өрт кырсыгы катталды. Панфилов районунун Каптал-Арык айылындагы үйлөрдүн биринде короосунан өрт чыккан. Натыйжада 400 түк чөп күйгөн.
Азыркы учурда өрттүн эмнеден улам чыкканы такталууда.