Кара-Буура районунда "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамды сабап, жеке буюмдарын тартып алган" деп шектелген жаран кармалды

Кара-Буура районунда "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамды сабап, жеке буюмдарын тартып алган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 27-январь күнү 30 жаштагы Б.Эни белгисиз адам сабап, бычак менен коркутуп буюмдарын тартып алган. Ал ошол эле күнү баш сөөгү сынып, бети жана моюну сыйрылган абалда ооруканага жаткырылган. Бул кылмышка шектүү катары 30 жаштагы К.Б. кармалган. Учурда "каракчылык" боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан