Мындан 220 жыл мурун, 1797-жылы 31-январда австриялык композитор Франц Шуберт Вена шаарында төрөлгөн. 19 жашка толгонго чейин 250дөн ашуун ыр, бир нече симфония жана башка музыкалык чыгармаларды жараткан. Анын чыгармачылыгы Людвиг ван Бетховендин стилинин уландысы болгон. Ф.Шуберт 1820-жылдары атактуулукка жеткен. 1828-жылы жеке концертин өткөрүп, анда өзү жана башка музыканттар анын чыгармаларын аткарышкан.
Кыска өмүрүнүн ичинде 9 симфония, сонаталарды чыгарып, камералык музыкаларды жазган. Жалпысынан ал жараткан обондордун саны 600дөн ашкан. Гёте, Шиллер, Шекспир, Скотт жана башка белгилүү акын-жазуучулардын ырларына обон жараткан. Ф.Шуберттин мыкты классикалык чыгармаларынын катарына "Бүтпөй калган симфония" (1822), "C-dur чоң симфониясы" (1825-1828) кирет.
Атактуу композитор 1828-жылы 19-ноябрда 31 жашында көз жумган. Ал музыкадагы романтизм жанрынын негиздөөчүсү катары тарыхта калган.
31-январга карата жылнаама.