Сокулук районунун 35 жаштагы тургуну мал уурулукка шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2016-жылдын 2-ноябрь күнү Сокулук РИИБине 35 жаштагы С.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында түн ичинде белгисиз адам анын уюн уурдап кеткенин жазган.
Бул факт боюнча "мал уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип аталган райондун Арал айылынын 35 жаштагы тургуну кармалган. Ал Сокулук РИИБинин тергөө бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Азыркы тапта тергөө иштери жүрүүдө.