Ысык-Көл облусунда тургун өч алуу үчүн айылдашынын чөбүн өрттөп салган

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда тургун өч алуу үчүн айылдашынын чөбүн өрттөп салган. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя үстүбүздөгү жылдын 8-январь күнү саат 20:00 чамасында Качыбек айылында болгон. Анда белгисиз адам 42 жаштагы С.Максаттын 2500 түк чөбүнө өрт коюп, из жашырып кеткен. Анын кесепетинен кошуна жайгашкан тургундун дагы 300 түк чөбү күйгөн. Бул кылмышка шектүү катары ошол эле айылдын 30 жаштагы тургуну Ж.Асылбек кармалган.

Шектүүнүн айтымында, буга чейин уурулук менен кармалып, Каракол шаарындагы №23-СИЗОдо жазасын өтөп чыккан. Ошол учурда СИЗОдо иштеген айылдашы С.Максат менен уруша кетип, ага кек сактап калган. Кийин ал жумуштан бошотулганын билгенде, чөбүнө өрт коюп андан өч алууну көздөгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
rma-akkuu
2017-01-31 14:38:30
Кантип таап алышты,же уруп моюнга алдыртыштыбы?
+2
Kroxa
2017-01-31 19:39:26
Кызыкко эмне деген эмгеги жайлай жыйнаган малга деп,коншусуна да жаман болуптур...
0
almazbei
2017-01-31 23:56:30
Чопто эмне куноо?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан