Кыргыз поезди Казакстандын аймагында кырсыкка кабылды

Бүгүн, 31-январда саат 09:14 чамасында Кыргыз өлкөсүнүн поезди Казакстандын аймагында кырсыкка кабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

"Алдын ала алынган маалымат боюнча, Казакстан тарабынан көмүр жүктөлгөн Кыргыз өлкөсүнө таандык поезд (57 вагону менен) Бишкекти көздөй келе жаткан. Жамбыл облусунун Мерке айылында анын акыркы 6 вагону рельстен чыгып кеткен. Поезддин ичинде 4 Кыргыз жараны болгон. Жабыркагандар жок", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Темир жол кызматы Казак Республикасынын Темир жол кызматы менен кырсыктын себептерин иликтөө иштерин алып барып жатканы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Bibi2009
2017-01-31 13:54:16
Эч ким жабыркабасынчы)))
+4
bond02
2017-01-31 14:08:36
Багы жокко дагы жок болуптур да.
+1
Ayida
2017-01-31 14:19:23
Ал жылдан зависит этпейт.Анда 2017 жаман башталыптыр.2015 жакшы башталганда мен элдердин жашоосу онолуп кетмек.Тагдырга жазылган бул адамдарга эскертуу берип атат Аллах. Бир кун болбосо бир кун менда башкасыда олот.Ажал келсе А дей албай кетебиз. Ошол учун намаз окуп жакшы журушубуз керек сооп иштерди кылып куноодон качып.
+5
arzygulR
2017-01-31 14:22:53
Кудайым сактай кор жабыркагандар жок экен ушунусуна шугур
+2
Alicia
2017-01-31 14:28:50
Kudaiga Shugur Jabyrkagandar Jok!!!
+1
evidens
2017-01-31 14:48:47
Кудай сактасын.!
+1
ainura220888
2017-01-31 14:50:03
Туло откоруш керек жер жерлерде.
+4
rios.07
2017-01-31 15:50:14
таарыхка кайрылсак 17- жыл кандуу жылдардан болуп келген!1917 жыл да кандуу жыл болгон.кандай болсо да САК бололу сактык заман талабы
-2
admin_portal
2017-01-31 16:08:45
ekaterinburg, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
+1
baltabai
2017-01-31 18:03:46
Эч ким жаракат албапы
0
modem4999
2017-01-31 18:15:18
Жаман жыл болот , жаман башталды дегендер оозунарга кара таш!
+3
Tunerbei1812
2017-01-31 18:37:42
Тооба кылып ниетти ондоо керек, адамдар бири бирине жаман ойлобой, кыянаттык кылышпаса эле бардыгын женет. Жашоо, техника болгон жерде кырсыктар болбой койбойт. Аны заманга, жылга такай берген туура эмес. Ал адамдардын озуно жараша.
+3
Kroxa
2017-01-31 19:43:13
Жылдын башы жаманбы жакшыбы тубун жакшы кылса болду кудайым...
+1
travma
2017-01-31 22:39:45
Бизде комур жокбу? Эмнеге Казакстандан сатып алабыз?
+1
aidinaernur
2017-01-31 23:37:58
Кудай сактасын.
Окуп буткончо кыйналып кеттим. Жабыркаган жок Эле болсунчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан