Алматы шаарында өтүп жаткан Кышкы Универсиадада Орусия медалдар боюнча алдыга чыкты. Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, оюндардын үч күнүндө Орусиянын спортчулары жалпы 12 медаль (6 алтын, 5 күмүш жана 1 коло медаль) алышты.
Кытай спортчулары 2 алтын, 1 коло медаль менен 2-орунда. Үй ээси Казакстан 1 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медаль менен 3-орунда.
Эске салсак, бул оюндарга Кыргыз өлкөсүнүн атынан 10 спортчу катышууда. Азырынча бир да спортчубуз медаль тагына элек. 10 спортчунун ичинен үчөө оюндарга катышты. Эми алар кышкы оюндардын башка түрлөрүнө да катышышат.
Оюндун жабылыш аземи 8-февралда болот.