Кочкор районунда мал уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 30-январь күнү милицияга Кочкор районунун Теңдик айылына караштуу Боз-Бекет тилкесинин 46 жаштагы жашоочусу Ч.У. арыз менен кайрылган. Арызда 30-январга караган түнү 2 уюн белгисиз адамдар уурдап кетишкени айтылат.
Ошол эле күнү 50 жаштагы М.Мнын короосунан 2 уй уурдалган. Бул уурулук фактыларына шектүү катары Теңдик айылынын 29 жаштагы тургуну Б.А. кармалган. Учурда ал кылган ишин толук мойнуна алып, тергөө амалдары жүрүүдө.