Түркиялык мугалим, коммуникация илимдеринин доктору, доцент Женк Демиркыран кыргыз илимпозу Жылдыз Темирова менен биргеликте кыргыздардын улуттук маданияты тууралуу "Байыркы мурасты жандандырган видеоклиптер" аттуу китептин электрондук вариантын жарыялады. Китептин басылмасы 2016-жылдын июль айында жарык көргөн.
"Кыргыз бийлери тарыхтын чаң баскан барактарынан чыгып, жаңыланып жатса, анын ырлары менен кыргыздар өзүнүн маданиятына ээ болуусуна чакырылат. Бул китеп кыргыз бийлеринин кайрадан жанданышын чагылдырган алгачкы эмгек болуп саналат. Биз кыргыз маданиятына аз да болсо салым кошууну туура көрдүк. Максатыбыз - бул чөйрөдөгү башка эмгектерге пайдалуу булак болуп берүү. Бул максатта китеп жалпы коомчулукка жеткиликтүү болуш үчүн электрондук түрдө жарыяладык", - дейт китептин автору.
Женк Демиркыран Түркиянын Стамбул шаарындагы Бейкент университетинин искусство факультетинде окутуучу болуп иштейт. Анын кыргыз маданиятына кызыгуусу ал Кыргыз өлкөсүндө жашаган жылдары башталып, жубайы менен кыргыз тилин эң жакшы денгээлде үйрөнүүгө жетишкен.
Мындан тышкары Женк Демиркыран Кыргыз жери тууралуу 5 даректүү жана 2 көркөм фильм тарткан: "Борбор Азиянын борбору базар", "Кыргызстанда Айт", "Кыргызстанда Рамазан", "Кыргызстанда Курман айт", "Ахыскалык түрктөр" даректүү жана "Бул жашоо", "Тангент" деген аталыштагы көркөм фильмдер.