Тогуз-Торо районунун тургуну "жардыргыч заттарды мыйзамсыз алып жүргөн" деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 1980-жылы туулган К.А. 28-январь күнү УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Анын жанынан жалпы салмагы 42 килограмм аммонит, 50 капсюль-детонатору жана 6 шнур алынган. Учурда ал адамдын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.