Кыргыз иллюзионисттери Франциядагы цирк искусствосунун XXV Эл аралык фестивалына катышышты

Кыргыз иллюзионисттери Радислав Сафин жана Ольга Крамер SilkRoad номери менен Франциядагы Масси шаарында цирк искусствосунун XXV Эл аралык фестивалына катышышты. Бул тууралуу иллюзионисттердин менеджери бүгүн, 31-январда билдирди.

"Бул фестивалга катышуу сунушу бир жыл мурун түшкөн. Уюштуруучулар эксклюзивдүү номерлердин аткаруучуларын чакырышкан. SilkRoad номери цирк номерине кирбесе да, уюштуруучулар сунушунан кайтышкан жок. Алардын номери фестивалдын кооз, өзгөчө номерлеринин катарын толуктады", - деди иллюзионисттердин өкүлү.

Мындан сырткары иллюзионисттер репетициялардын ортосунда Париждеги Лувр музейине барышканы, бир нече кызыктуу контарктка кол коюлганы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azatbek83
2017-01-31 22:46:55
Азаматтар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан