Советтик жана орусиялык ырчы Лев Лещенко 1942-жылы 1-февралда Москвада төрөлгөн. Бала кезинде чыйрак болуп, бир учурда Пионерлер үйүндөгү хорго, сууда сүзүү секциясына, көркөм сөз жана үйлөмө аспап оркестри ийримине барып, хормейстердин кыстоосу менен гана ырдоого олуттуу көңүл буруп, калган ийримдерди токтоткон.
Мектептен кийин СССРдин Мамлекеттик академиялык Чоң театрына жумушчу катары кирип (1959-1960), армияга чакырылганга чейин так өлчөгүч приборлордун заводунда слесарь-курагыч (1960-1961) болуп иштеген. Аскердик кызматты Германияда, Советтик Армиянын танк аскер бөлүгүндө өтөгөн. Талант-жөндөмүн байкаган рота жетекчилиги аны ыр-бий ансамблине жөнөтсө, ал жердин солисти болуп, эмне берилсе - квартетте да, жеке да ырдап, концерттерди алып барып, ыр окуп, баарын аткарып, бошой калган күндөрүн театралдык институтка даярданууга жумшаган.
Окуп, ошол эле учурда Москонцертте жана Москва оперетта театрында стажёрдук топто иштеп, 1969-жылы Москва оперетта театрына толук жумушка алынган. Ал жерде көп ролду ойноп, ырчылыкка басым жасап, 1970-жылы атайын тандоодон өтүп, СССР Мамлекеттик телерадиосунда солист-вокалист болгон.
Лев Лещенко 1970-жылы эстрада артисттеринин Бүткүл союздук IV сынагынын жеңүүчү-лауреаты, 1972-жылы Болгариядагы "Алтын Орфей" сынагынын лауреаты болгон. Ошол эле жылы Сопоттогу престиждүү фестивалда "За того парня" ыры менен биринчи сыйлыкты алган. 1973-жылы ал Москва комсомолдорунун жана Ленин комсомолунун сыйлыктарына ээ болгон. Советтик эстраданын классикалык шлягер ырларынын көбүн Лев Лещенко ырдап чыккан, алсак, "Белая берёза", "Соловьиная роща", "Ни минуты покоя", "Господа офицеры" жана башкалар.
Таанымалдуулугун өзгөчө арттырган ырлардын катарына Жеңиш күнүнүн 30 жылдыгына карата жазылган "День Победы" ыры кошулган. Ал эми 1977-жылы Лев Лещенкого "РСФСРдин Эмгек сиңирген артисти" наамы берилсе, 1980-жылы Эл достугу орденине, 1983-жылы "РСФСРдин Эл артисти" наамына, 1989-жылы Ардак белгисине ээ болгон. 1990-жылы ал "Музыкалык агенттик" эстрада театрын түзүп, башкарып, 1992-жылы ал агенттикке "мамлекеттик" деген статус берилген. 2001-жылы ырчынын баскан жолун баяндаган "Апология памяти" аталышындагы китеби жарыкка чыгып, 2002-жылы IV даражадагы "Мекен алдындагы сиңирген эмгеги үчүн" ордени менен сыйланган.
Л.Лещенко 1966-жылы ырчы, актриса Алла Абдаловага үйлөнүп, 1976-жылга чейин жашаган. 1976-жылы Ирина Багудина менен таанышып, 1978-жылдан тарта аны менен чогуу жашап келет.