Бишкек-Ош жолунда автоунаа оодарылып, эки адам жабыркады

Бишкек-Ош жолунда автоунаа оодарылып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, 31-январь күнү Жайыл районунун аймагындагы Бишкек-Ош унаа жолунун 114-чакырымында Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа оодарылып кеткен. Автоунаанын ичинде 4 адам болгон. Алардын ичиндеги 2 адам жолдогу унаалар менен кетишкен. Ал эми айдоочу менен дагы 1 жүргүнчүгө куткаруучулар медициналык биринчи жардам көрсөтүшүп, унааны эвакуаторго жүктөп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
baltabai
2017-02-01 12:03:44
Сакайып кетсин
0
Karaan
2017-02-01 12:40:17
Степ, степ, дагы степппп!!!! Жок кылыш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан