"Манас" кинотеатрында башынан бир турмуш өткөргөндөрдүн тагдыры тууралуу "Миллионердин сүйүүсү" тасмасынын бет ачары өттү

Бүгүн, 1-февралда Бишкектеги "Манас" кинотеатрында сүйүү, байлык жана эки адамдын тагдыры тууралуу "Миллионердин сүйүүсү" аталышындагы көркөм тасманын бет ачары болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, актёр Марат Алышбаев, башкы каармандын образын жараткан Нарбото Анарбаев жана Азур Насирдинова, ошондой эле актёр Аскат Эрбаев, ырчы Токтобек Асаналиев, фильмдин продюсери Өмүрзак Төлөбеков катышты.

"Бул менин экинчи жолу башкы каармандын ролун жаратып, тасмага тартылышым. Буга чейин да башкы каармандын образын аткаргам. Бул жолу образ жаратуу кыйынчылыкка турган жок. Ошентсе да башка адамдын тагдырын чагылдырып көрүүчүлөргө жеткирүү оор болду. Кантсе да тасма тартууда режиссёрду кыйнаган жокмун. Айрым эпизоддорду гана 3 дубль менен аткарууга туура келди", - дейт актёр Нарбото Анарбаев.

Тасманын сценарийин Өмүрзак Төлөбеков жазса, режиссёру Аскат Сулайманов болгон. Ошол эле учурда белгилүү чыгармачыл инсандардан Айнура Турганбаева, Марат Алышбаев, Аскат Сулайманов, Руслан Курманалиев роль жараткан. Фильмди тартууда продюсер жаңы актёрлор менен иштешип, жаңы жүздөрдү алып чыгууну колго алган. Өмүрзак Төлөбеков башкы каармандын образын жаратууга актриса кыз табылбай көпкө кармалганын айтат. Соңунда тасмада Айкендин образын жараткан Азур Насирдинова тандалып алынган.

"Мен ырчылык өнөрдөн сырткары тасма жаатында өзүмдү сынап көрөйүн дедим. Бул киного башкы каармандын образын жаратууга чакыруу түштү. Дароо кабыл алдым. Жыйынтыгында алгачкы тасмага тартылдым. Буюрса, кино сүйүүчүлөргө жагат деген ойдомун. Мындан ары эстрада жаатында да, кино тармагында да алектенем. Эгерде терс каармандын образын жаратуу сунушталса, баш тартам, анткени азырынча андай роль жарата албайм", - деп билдирди Азур Насирдинова.

"Миллионердин сүйүүсү" киносунун көпчүлүк бөлүгү Бишкекте, кээ бир кадрлары Астана шаарында тартылган.

"Мен бул кинонун сценарийин 3 күндө түнү менен уктабай жазып чыктым. Бул окуя турмуштан алынган. 15 жыл мурда өз көзүм менен көргөн кошунамдын тагдырын жаздым. Убакыт-сааты келип, тасма тартылып, жарыкка чыкты. Буга чейин бул тагдырды китеп бетине түшүргөн элем. Кийинчерээк ошол окуядан кино жаратуу идеясы жаралды. Жыйынтыгында 1 ай ичинде кинону тартып бүттүк. Жалпы чыгымы 50 миң доллар болду", - деп билдирди "Миллионердин сүйүүсү" фильминин продюсери Өмүрзак Төлөбеков.

"Тасмага тартылсам деген 30 жылдан берки кыялым бар болчу. Кудай насип кылып сунуш түшүп калды. Буга чейин Дооронбек Садырбаев, Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадылов сыяктуу кыргыздын кино тармагындагы белгилүү инсандары менен чай ичип, алардын кешигин жеп калгам. Ошол кишилердин таасири тийип, депутат, бай адамдын образын жаратып кыялым ишке ашып отурам", - дейт Эшенкул Барпиев.

Тасмада кыйынчылыкта жашаган башкы каарман Маликтин аялы кетип калат. Малик жумуш издеп Астанага кетип, 3 жылда байлык топтоп, мекенине кайтат. Ошол эле маалда Айкен анын кадырын билбеген жолдошу менен ажырашып кетет. Башынан бир турмуш өткөргөн каармандарды тагдыр жолуктуруп коёт. Алардын андан кийинки жашоосун эртеңден баштап көрсөтүлчү "Миллионердин сүйүүсү" көркөм тасмасынан көрө аласыздар.

Чыныгы махабатка үндөгөн "Миллионердин сүйүүсү"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asem89
2017-02-01 22:43:17
"Миллиондук мелдеш", "Миллион жана сулуулар", "Миллионердин суйуусу"... Миллиондор гана суйлойт го, чиркин!
50 миллионго жакындаптыр чыгымы. Элдер кайдан эле табышат мынча акчаны? Эх, менин 1 эле миллионум болгондо эмне...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан