"Кыз-Бурак" тобунун "Эх, байке" ырынын клиби 2016-жылдагы мыкты делген клиптердин катарын толуктаган. Аталган топтун ырчысы Азалия клип жөнүндө буларды билдирди:
"Бул ырды аткарып чыгууну 2 жылдан бери ойлонуп келген элек, буйрук экен, 2016-жылы ырдап, ага клип тарттырдык. Клиптин идеясы өзүбүзгө таандык. Анда Кыргыз жериндеги жай мезгилинин, Ысык-Көлдүн кооздугу чагылдырылган. Официант кыздардын образындагы кечеде болгон учурду 2 жолу тарттык, себеби биринчи тартылганы өчүп кетиптир. Анан модель кыздарды чакырып, баарын кайра башынан тартууга туура келди. Көп эле кыйынчылыктар болду, бирок мээнетибиз текке кетпей, күйөрмандардан жакшы пикирлерди угуп жаттык. Бул да болсо режиссёр Нурсултан Кубатовдун эмгеги. Ошондуктан ага да ыраазычылыгыбызды билдире кетейин".
"Эмне үчүн ырчы Замир Мырзаны башкы каарман катары тандап алдыңыздар?" деген суроого Азалия мындай жооп узатты:
"Ырдын аты "Эх, байке" деп аталып турбайбы. Андыктан бизден уулу, үй-бүлөлүү, кыргыз элине белгилүү инсан деп ырчы Замир байкени тандап алдык. Эгерде жаш жигит болсо, анда эл арасында дагы ар түрдүү сөздөр айтылышы мүмкүн эле".
"Кыз-Бурак" тобунун "Эх, байке" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.