2016-жылы ири эл аралык спорттук иш-чараларда ийгиликке жетишкен спортчулар сыйланышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 1-февралда билдирди.
Сооронбай Жээнбеков спортчуларды спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы жана эл аралык спорттук таймаштарда көрсөткөн мыкты натыйжалары үчүн ыраазычылык билдирди.
"Сиздер биздин өлкөнүн сыймыгы болуп саналасыздар, мен бүгүн сиздер менин жолугушканыма кубанычтамын. Медалга ээ болуу үчүн күнүмдүк эмгек жана талыкпас машыгуу керек. Биз Кыргыз өлкөсүнүн атын чыгарган сиздердин ийгиликтерди жогору баалайбыз. Сиздер кыргыз спортчулары өз устаттарынын жолун жолдоп, ар кыл багыттагы спорттун түрлөрүндө ийгилик багындырууга даяр экенин далилдеп жатасыздар", - деп белгилеген Сооронбай Жээнбеков.
Премьер-министрдин айтымында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан спортту өнүктүрүү жана өлкө аймагында спорттук комплекстерди куруу боюнча иш активдүү улантылат.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан ысымы жазылган саат жана баалуу белектер менен төмөнкүлөр сыйланышты:
- Эсен Калиев – пауэрлифтинг боюнча Кыргыз Республикасынын Эл аралык даражадагы спорт чебери, пауэрлифтинг боюнча Дүйнө Кубогунда 1-орунду ээлеген;
- Ильгиз Каналбек уулу – дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын Эл аралык даражадагы спорт чебери, дүлөйлөр арасындагы 100 килограмм салмакта Дүйнө чемпиондугунда 2-орунду ээледи, ошондой эле Дүйнө чемпиондугунун "Open" категориясында 2-орунга ээ болгон;
- Калыбек Жолчубеков – грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Эл аралык даражадагы спорт чебери, грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугунда 1-орунду ээлеген, ошондой эле студенттер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда 1-орунга ээ болгон;
- Айсулуу Тыныбекова – кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Эл аралык даражадагы спорт чебери, кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпиондугунда 1-орунга ээ болгон;
- Эламан Догдурбек уулу – эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын Эл аралык даражадагы спорт чебери, олимпиадалык эмес салмактын категориялар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда 3-орунга ээ болгон;
- Эсен Асанов – грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Спорт чебери, студенттер арасындагы грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда 1-орунга ээ болгон;
- Жанарбек Кенжеев – грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чебери, грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугунда 1-орунга ээ болгон;
- Калы Сулайманов – грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Эл аралык даражадагы спорт чебери, жаштар арасындагы грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда 1-орунга ээ болгон;
- Узур Жузупбеков – грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Спорт чебери, жаштар арасындагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугунда 1-орунга ээ болгон;
- Айпери Медет кызы – кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Спорт чебери, өспүрүмдөр арасындагы кыз-келиндер боюнча Азия чемпиондугунда 1-орунду ээлеген;
- Акжол Махмудов – грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Спорт чебери, өспүрүмдөр арасындагы грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда 1-орунду ээлеген, ошондой эле Азия чемпиондугунда 1-орунга ээ болгон;
- Анарбек Жамакеев – тогуз коргоол боюнча Кыргыз Республикасынын Эл аралык даражадагы спорт чебери, тогуз коргоол боюнча интеллектуалдык олимпиадада 1-орунга ээ болгон;
- Дильдора Рахманова – алыш-бел боо күрөшү боюнча чеберликке талапкер, алыш-бел боо күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда 1-орунга ээ болгон;
- Кайрат Маматзакиров – алыш-бел боо күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Спорт чебери,
алыш-бел боо күрөшү боюнча 90 килограмм салмакта Дүйнө чемпиондугунда 1-орунга ээ болгон;
- Ирлан Казбек уулу – алыш-бел боо күрөшү боюнча 70 килограмм салмакта Дүйнө чемпиондугунда
1-орунга ээ болгон;
- Алтынай Мамарасул кызы – алыш-бел боо күрөшү боюнча кыздар арасында 70 килограмм салмакта Дүйнө чемпиондугунда 1-орунга ээ болгон;
- Урмат Мамбетжан уулу – самбо боюнча Кыргыз Республикасынын Спорт чебери, V Азиялык кум жээк оюндарында кум жээк самбо боюнча 1-орунду ээлеген;
- Нурбек Кожобеков – бел боо күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чебери, бел боо күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда 1-орунду ээлеген, ошондой эле Азия чемпиондугунда
1-орунга ээ болгон;
- Эламан Кенжебаев – самбо боюнча Кыргыз Республикасынын Спорт чебери, самбо боюнча Азия чемпиондугунда 1-орунга ээ болгон;
- Кундузай Жайчибекова – самбо боюнча Кыргыз Республикасынын Спорт чебери, самбо боюнча Азия чемпиондугунда 1-орунга ээ болгон;
- Евгений Лукьянов – кол күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын Спорт чебери, кол күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда 1-орунга ээ болгон;
- Акрам Баратов – кикбоксинг боюнча Кыргыз Республикасынын Спорт чебери, кикбоксинг боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда 1-орунга ээ болгон;
- Максим Мануилов - самбо боюнча Кыргыз Республикасынын Спорт чебери, самбо боюнча Азия чемпиондугунда 1-орунга ээ болгон.