Түркиянын Анталия шаарына караштуу Алания аймагында полиция кызматкерлери атайын операция өткөрүп, жыйынтыгында эки Кыргыз жараны сойкулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу кечээ, 1-февралда түркиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, операция учурунда 26 жаштагы Назгүл К. жана 24 жаштагы Нуризат Т., ошондой эле "кыздарды сойкулукка мажбурлаган" деген шек менен 24 жаштагы Харун Т. аттуу киши кармалган. Кыргыз жарандарынын депортациялана тургандыгы айтылып, Анталияга жөнөтүлгөн.